Кулжа 16, 2025
Убакыт: 20:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Бишкекте мыйзамсыз радикалдык диний ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

16.06.2025 12:26
26
Бишкекте мыйзамсыз радикалдык диний ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Бишкекте мыйзамсыз радикалдык диний ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат коопсуздукка коркунуч келтирген экстремисттик жана террористтик коркунучтарды, ошондой эле мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында радикалдык такфирдик-жихадисттик агымдарды үгүттөгөн диний ячейканы аныктады.


Тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзүп, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, ошондой эле башка агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө карата сабырсыздыкты үгүттөгөндүгү аныкталган. Бул адамдардын иш-аракеттери Бишкек шаарында террордук топ түзүүгө багытталган болушу мүмкүн деп айтууга негиз бар.


Ошентип, 11-июнда соттун санкциясы менен Бишкек шаарындагы 10 даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам УКМКга жеткирилген.


Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символика, 1 ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, 1 жылмакай мылтык, 1 страйкбольный привод (м16/М4 автоматынын аналогу), 1 сигналдык пистолет, 2 пневматикалык пистолет, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио - жана видеоматериалдар алынды.


Санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу куралдуу жихадды жана террористтик ишти жүргүзүүгө чакырыктарды кошкондо радикалдуу экстремисттик маалыматтын белгилери бар видеожазуулардын жана аудиоматериалдардын, тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигинде колдонулган материалдардын бар экендигин тастыктады.


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында чет мамлекеттин жараны У.Д.А. жана КР жараны Л.Д.В. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди. Ал эми атайын кызматка жеткирилген башка адамдар бардык зарыл болгон тергөө амалдары жана профилактикалык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бошотулду.


Учурда бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн