Кулжа 16, 2025
Убакыт: 19:50
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Садыр Жапаров Ысык-Атада керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты

Садыр Жапаров Ысык-Атада керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында "Асылташ Керамикс" керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты. 


Мамлекет башчы соңку жылдары өлкөбүздө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайды жандандыруу жаатында жакшы тенденция калыптанып жатканын белгиледи.


“Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп, жакынкы келечекте жогорку технологиялар менен продукция өндүргөн өлкөгө айланат деген ишеним чоң”, - деди Садыр Жапаров.


Ал аталган заманбап ишкана дагы Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы жаңы барак, өлкөбүздүн экономикалык суверенитетин жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган кезектеги чечкиндүү кадам деп баса белгиледи. 


Завод жалпы суммасы 40 млн АКШ долларын түзгөн инвестициянын негизинде курулган жана жылына 3 миллион чарчы метр керамика продукцияларын чыгарат деп мерчемделүүдө. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3,3 млн чарчы метрге жетип, 1 млрд 500 млн сомдук кирешени түзөт. 


Президент натыйжада орточо айлык акысы 50 000 сомду түзгөн 300дөн ашуун жаранды туруктуу жумуш орду менен камсыз кыларын белгилеп өттү. 


“Албетте, бул — курулуш сектору үчүн маанилүү! Анткени сапаттуу ички өндүрүш өлкөнү импортко болгон көз карандылыктан куткарып, баалардын туруктуулугун камсыз кылат”, - деп канааттануу менен белгиледи Мамлекет башчы.


Президент Ысык-Ата районунун тургундарына кайрылып, заводдун негиздөөчүсү — өзүбүздүн эле мекендешибиз экенин баса көрсөттү. Ал анын 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү түз инвестициясы өлкөбүздүн ички рыногунун инвестициялык жагымдуулугу артып баратканын айгинелейт деп ырастады. Мындан тышкары ал белгилегендей, бул чет өлкөгө чыгарылган кирешелердин кайра Кыргызстанга кайтып, кирешелерди легалдаштыруу долбоорунун натыйжалуу болуп жатканын күбөлөндүрөт. 


Садыр Жапаров эки жыл мурда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзам кабыл алынганын эске салды. Мындай мүмкүнчүлүктү көптөгөн ишкерлер колдонушуп, заводдордун, фабрикалардын, IT-хабдардын курулушуна инвестиция сала башташты. Бул контекстте Мамлекет башчы мурда 30 жыл бою бардыгы саясат менен алек болуп келишсе, эми иш менен алектенүүгө убакыт келгенин белгиледи.


Чүй облусу бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнөр жай борборуна айланууда. 2024-жылы облуска жалпы жонунан 140,5 млн доллар инвестиция тартылган.


“Бул — эл аралык жана ички ишкерлердин Кыргызстанга болгон ишениминин ачык белгиси. Аталган ири долбоорлор өлкөбүздүн өз күчүнө таянган өнөр жайын түптөйт”, - деп ырастады Президент.


“Асылташ Керамикс” — бул чопо, ак чопо (каолин) жана талаа шпаты сындуу кыргыз жериндеги кен байлыктарды иштеткен ата мекендик ийгиликтүү өндүрүш. 


Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекет келечектүү долбоорлорду колдоого алып келет. Ал аталган долбоорду ишке ашырууга да мамлекет колдоо көрсөтүп, төмөнкүдөй иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи:


– жер тилкеси трансформацияланып берилди;
– газ жана электр энергиясы менен камсыздалып, инфратүзүм жакшыртылды;
– инвестициялык келишимдер даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылды;
– насыялык каржылоого мамлекет кепилдик берди.


Заводдун продукциясынын 50%дан ашыгы тышкы рынокторго экспорттолот.


“Биздин максатыбыз — ишкерликти өнүктүрүү менен ар бир жарандын турмушун жакшыртуу болуп саналат. Бул сыяктуу заманбап өндүрүштөрдүн арбышы — ишенимдүү өнүгүүнүн белгиси. Ачылып жаткан ар бир ишкананы - бекем ишеним, талбаган аракет жана жаркын келечек деп айтууга толук негиз бар. Себеби биз өз ресурстарына таянган, өз элине ишенген жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз”, - деди Мамлекет башчы.


Ал мамлекет мындан ары да экономиканын реалдуу секторун колдоо саясатын улантарын баса белгиледи.


“Биз инвестиция үчүн жагымдуу маанай жаратып, аймактарда ийгиликтүү долбоорлордун ишке ашуусуна шарт түзө беребиз.


Мамлекеттик органдар ар тараптуу жана натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр”, - деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.


Андан кийин мамлекет башчы символикалык иш баштоо баскычын басып, заводдун ишин расмий баштап берди.


Соңунда Президент Садыр Жапаров заводдун өндүрүш процесси менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн