Кулжа 27, 2025
Убакыт: 05:04
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Ташиевдин уулунун "Левантенин" формасы менен түшкөн сүрөтү тарады

15.01.2021 14:50
748
Ташиевдин уулунун "Левантенин" формасы менен түшкөн сүрөтү тарады


Испаниянын "Леванте" клубунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев текшерүүдөн өтүп жатат. Кыргызстан Футбол Федерациясы "Левантенин" формасын кийген  Эмир-Хандын сүрөтүн жарыялады.


"Буга чейин ал белгилүү италиялык футболчу Паоло Росси атындагы академияда 1,5 жыл окуп, жарым жыл Италиянын чемпионатынын В сериясында ойногон. Кыргызстандан кеткенге чейин ал борбордун "Илбирс" футболдук клубунун базасында окуган. Эгерде текшерүү ийгиликтүү өтсө, Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын Ла Лигасына катышкан биринчи кыргызстандык боло алат. Эмир-Ханга ийгилик каалайлы”, - деген билдирүү калтырган футбол союзу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн