Кулжа 23, 2025
Убакыт: 16:29
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барат

23.06.2025 14:00
14
Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барат


Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.


«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.


Расмий сапардын алкагында Кыргызстан президентинин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган.


Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн