Бугу 01, 2025
Убакыт: 23:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмиратына иш сапары менен барды

30.10.2022 23:48
587
Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмиратына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.


Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.


Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.


Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн