Бугу 02, 2025
Убакыт: 00:29
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Садыр Жапаров Астана шаарына иш сапары менен жөнөп кетти (делегация курамы)

27.10.2022 09:23
429
Садыр Жапаров Астана шаарына иш сапары менен жөнөп кетти (делегация курамы)


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына  жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.


Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат. 


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:


 — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;


— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;


— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;


— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;


— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн