Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 19:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Президент: Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес

08.06.2022 10:57
703
Президент: Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес



Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.


Мамлекет башчы 30 жыл мурда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоп келсе, бүгүнкү күндө импортоп келерин маалымдады.


“Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Мына ошондуктан электр кубаттуулугун көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электр энергиясын импорттогон биз үчүн уят иш”, - дейт Жапаров.


Өлкө башчы кошумчалагандай, буга чейин чакан жана ири ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан ишке ашпай келген.


“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.


Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн