Теке 03, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Ошто Коргоо министрлигинин жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

03.07.2025 10:04
24
Ошто Коргоо министрлигинин жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды


Мурда мыйзамсыз менчиктештирилген Коргоо министрлигинин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан Коргоо министрлигинин Ош шаардык базасынын балансындагы 0,206 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.


Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош облустук административдик сотуна доо арыз берилип, аталган жер тилкесин жеке менчикке өткөрүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалынын мурда кабыл алынган токтому жокко чыгарылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн