Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 114 млн сомду түзөт.
Башкы планга ылайык, имарат жалпы аянты 854 чарчы метр, эки кабаттуу болуп, 120 орунга ылайыкталган.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бардык керектүү материалдар жана жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стандарттарга жооп берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн