Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санэпид көзөмөл борборунун директору кармалды

10.02.2022 17:54
756
Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санэпид көзөмөл борборунун директору кармалды

 Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


  УКМК калктын саламаттыгын сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан талдоолордун алкагында, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктады.


    УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес.


2022-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары “О.С.М.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

  Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн