Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 03:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Санжар Сапарбековдун иши сотко өттү

07.02.2022 12:19
896
Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Санжар Сапарбековдун иши  сотко өттү

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбековдун иши Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна 10-январда өткөрүп берилгени белгилүү болду. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) ырастады.


Санжар Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.


Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.


Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.


2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге "бул иштин башында турган, буйрук берген" деген айып коюлган.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн