Бугу 03, 2025
Убакыт: 05:58:06
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда азык-түлүк канча пайызга кымбаттаган? Статкомдун жообу

12.07.2022 13:21
879
Кыргызстанда азык-түлүк канча пайызга кымбаттаган? Статкомдун жообу


Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин өсүүсү жалпысынан 9,1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, муну менен катар тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктар 12,5%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөн.

Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн