Күн мурун Брюссель шаарындагы Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия, Нидерланддар, Люксембург) ортосунда эки келишимге кол коюлду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар:
- Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда жарактуу дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө келишим;
- Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда уруксатсыз кирген же жүрүп жаткан адамдарды кайтаруу (реадмиссия) жөнүндө келишим.
Кыргызстандын атынан документтерге Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин, ал эми Бенилюкс тараптан — Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча башкы директору, ошондой эле Нидерланддар менен Люксембургдун элчилери кол коюшту.
Кол коюу аземи келишимдердин депозитарийи болуп саналган Бенилюкс башкы катчысынын катышуусунда өттү.
Кол коюлган келишимдер конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгы болуп, расмий байланыштарды өнүктүрүүгө, миграцияны башкаруу жаатында практикалык кызматташууга жана региондук коопсуздукту бекемдөөгө багытталган. Бул келишимдер Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн