Кулжа 19, 2025
Убакыт: 19:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Парламентте токой чарбасын ӨКМден чыгарып, өзүнчө агенттик кылып түзүү сунушталды

19.06.2025 13:46
24
Парламентте токой чарбасын ӨКМден чыгарып, өзүнчө агенттик кылып түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Токой кызматын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарып, өзүнчө агенттик кылып түзүүнү сунуштады. 


Анын айтымында, Токой кызматын Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти менен бириктирип, Жаратылыш ресурстары жана климатты жөнгө салуу агенттиги кылып түзүү максатка ылайыктуу болмок. 


Ушуга окшош сунушту кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы да сунуштап, токой чарбасы жана экология боюнча агенттик түзүү зарылдыгын айткан. 


"Азыр токой чарбасы ӨКМге кошулуп калган. Алар өрт өчүрөбү, көчкү тазалайбы же токой карайбы? Баарына кантип жетишет. Андыктан, токой чарбасы менен экология маселесин бирге тейлеген өзүнчө агенттик түзүлбөсө болбойт", — деди Нурланбек Тургунбек уулу. 


Эске салсак, 2024-жылдын 4-мартында Токой кызматы штаты, каржылык жана материалдык ресурстары менен кошо ӨКМдин карамагына өткөн. Ага чейин бул кызмат Айыл чарба министрлигине карап келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн