Кулжа 19, 2025
Убакыт: 16:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Кыргызстан киберкоопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурат, - Камчыбек Ташиев

19.06.2025 11:24
22
Кыргызстан киберкоопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурат, - Камчыбек Ташиев


Акыркы он жылдыкта биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жаңы тобокелдиктерди жана коркунучтарды пайда кылган тез технологиялык өнүгүүгө күбө болуудабыз, - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чолпон-Атада өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) киберкоопсуздук маселелери боюнча биринчи эл аралык конференциясынын ачылышында.


Анын айтымында, киберкоркунучтар татаалдашып, анын кесепеттери кыйратуучу болуп баратат. Алар жеке уюмдарга жана айрым адамдарга гана эмес, бүтүндөй мамлекеттерге, экономикага, саламаттыкты сактоого, энергетикага жана башка маанилүү тармактарга да таасирин тийгизүүдө.


"Ошондуктан киберкоопсуздук жаатында кесипкөйлөр коому катары бул коркунучтарга натыйжалуу түрдө каршы туруу жана санарип активдерди ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн биргелешип иштешибиз керек.


Кыргызстан киберкоопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурат, бул олуттуу финансылык ресурстарды бөлүүдө гана эмес, заманбап жабдыктарды, программалык камсыздоо, бул жааттагы мамлекеттик кызматкерлердин адискөйлүгүн системалуу жогорулатуу, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу, андан тышкары улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүдө дагы байкалууда", - деди Ташиев.


Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстанда "Киберкоопсуздук жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, санариптик криминалистика лабораториясы жана Кибер жаңжалдарга ыкчам чара көрүү борбору түзүлүгөн. Анын алкагында 2024-жылдан ушул жылга чейин 5 миллионго жакын киберчабуул катталып, алардын 71%ы ийгиликтүү жок кылынып, 29%ы локалдуу түрдө азайган болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн