Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 15:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кайрат Примбердиев сыйлыгынан ажыратылбай турган болду

18.01.2021 15:22
958
Кайрат Примбердиев сыйлыгынан ажыратылбай турган болду


Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти" сыйлыгынан ажыратылбай турган болду. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы кабарлады.


Президенттин аппаратына караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ырчы Кайрат Примбердиевди  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушун четке какты. 


Комиссия белгилегендей, Жазык кодексинин 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда жокко чыгарылат. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратууга мыйзамдуу негиз жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн