Өткөн аптада өлтүрүлгөн Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин кудасы – ишкер Рустам Турдиев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Ал маркум кримавторитеттин кызынын кайнатасы экени айтылууда. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Эске салсак, буга чейин Камчы Көлбаевдин дагы бир кудасы ишкер Турсунтай Салимов да кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн