Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бүгүн Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл аймагында кайрадан сүйлөшүү өтөт

13.04.2022 11:06
615
Бүгүн Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл аймагында кайрадан сүйлөшүү өтөт

Бүгүн, 13-апрелде, саат 11:00дө Баткендин Жаңы-Жер айылында Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн ортосунда кайрадан жолугушуу өтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.


Анын айтымында, кечээ, 13-апрелде түнкү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап менен жолугушуу болгон.


“Анда чек арадагы окуя эмне себептен чыкканын тактоо жана биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле эки тараптын аскер техникаларын чыгарып кетүү жана Исфара-Арка жолунда кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин күзөт кылуусун макулдаштык. Мындан сырткары, бүгүн саат 11:00дө Жаңы-Жер айылында тажик тарап менен жолугушуу өткөрөбүз”, - дейт ал.


Алимбаев Баткен жана Исфара районунун акимдери ортосунда жолугушуу пландалып жатканын кошумчалады.


“Жалпысынан кырдаал тынч”, - деди облус башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн