Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда 13,1 млрд сомго финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Биринчи радионун” туз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин кээде өз милдеттерин так аткарбаганынан мындай бузуулар келип чыгууда. Айрым учурда бухгалтердик учеттогу кызматкерлердин бат-бат алмашуусу жана милдеттерин так билбестиги себеп болууда.
“13,1 млрд сомдун эң көп бөлүгү Бишкек мэриясында аныкталды. Турак-жайлар, батирлер көп салынууда. Мында турак-жай куруучуларга мэрия тарабынан жер тилкелери ижарага берилет. Бирок, турак-жай куруучулар имарат салганда элдердин пайдалануусуна батирлерди бергенге чейин ижарага алган жер тилкесин өзүнүн менчигине сатып алыш керек. Ошондон түшкөн бюджет дагы мэриянын бюджетине олуттуу болуп эсептелет. Аудиттин жыйынтыгы боюнча 9,5 миллиарддык каржылык бузуулар аныкталды. Бүгүнкү күндө анын 1 млрд 600 миллиону бюджетке кайтарылды”,- деди Акматов.
Ошондой эле Эсептөө палатасы бир жылдын ичинде өзүнүн аудитордук иш планын кеңештин кароосуна чыгарып бекитээрин төрага кошумчалады.
“Эсептөө палатасынын өзүнүн 9 мүчөдөн турган кеңеши бар. 2024-жылга бекитилген иш-планга ылайык, 88 аудитордук иш-чаралар кабыл алынган. Ошол иш-чаралардын алкагында 1 миң 848 түзүмдүк жана мекемелик бөлүмдөр камтылган. Атай кетсек, бюджеттик мекемелер 1 миң 150, чарба жүргүзүү субъектери 351, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-уюмдар 330 жана башка 8 уюмдар бар”,- деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету угулду. Берилген отчет боюнча парламентте талкуу болуп, көпчүлүк добуш менен жактырылып кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн