Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 04:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды

06.09.2023 14:59
433
Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды


Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам маалыматты текшерүү учурунда Бишкек-Торугарт жолунун 2-чакырымындагы “Тайота Авенсистин” унаасын токтотушуп, текшергенде унаанын багажнигинен көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат жана целлофан баштык табылып, алынган.


Алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана болуп аныкталган. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн