Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен келди.
Министрлер кабинетинин төрагасы “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.
Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темада сөз сүйлөйт.
Форумдун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле иш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн