Нарындын Ат-Башы районунда аялын коркутуп, өрттөп жиберүүгө аракет кылган деген шек менен 36 жаштагы тургун камакка алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Окуя 22-июнь күнү Ат-Башы районунун борборунда болгон.
"36 жаштагы А.у. К. мас болуп жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Ал ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, милиция чакырышкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен иш козголуп, шектүү камакка алынганы маалым болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн