Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте 27 жаштагы келин үч эм төрөдү

07.04.2021 12:29
1587
Бишкекте 27 жаштагы келин үч эм төрөдү

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, үчөө тең уул: биринчисинин салмагы – 1,360 кг, экинчиники – 1,280 кг, үчүнчү төрөлгөн баланын салмагы болсо 1 кг.


"27 жаштагы келин табигый жол менен ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келди. Дээрлик үй айдай ымыркайлар ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болушту. Азыркы учурда эне-балдардын абалы канааттандырарлык, 9-апрелде чыгышат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн