Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Сазыкулов "журналист кол көтөрүп, жакамды айрыды" деп арыз жазган

29.12.2021 16:53
705
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Сазыкулов "журналист кол көтөрүп, жакамды айрыды" деп арыз жазган

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Сазыкулов Максатбек журналист Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазган. Бул тууралуу Улукбек Карыбек уулу билдирди.


Анын айтымында, бүгүн аны Ленин райондук милициясы суракка чакырып, үстүнөн арыз түшкөнүн билдирген. 

Ленин райондук соту Карыбек уулунун баш коргоо чарасын тиешелүү документтер жетишсиздигинен улам кароону кийинкиге калтырды.


"Менин үстүмдөн Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Сазыкулов Максатбек "журналист кол көтөрүп, жакамды айрыды" деп арыз жазыптыр. Ал видеолор менде бар.

Чындап алардын мыйзамсыз иштерин ачып баштаганда биздин оозубузду жабуу аракети болуп жатат",- деди Карыбек уулу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн