Кулжа 17, 2025
Убакыт: 13:36
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Садыр Жапаров “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышат

17.06.2025 08:31
26
Садыр Жапаров “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышат


Президент Садыр Жапаров эртең, 17-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия - Кытай» экинчи саммитинин ишине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.


Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытайдын төрагасынын катышуусу мерчемделүүдө.


Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.


Иш сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн