Алманы биз жыл бою үзбөй колдонгонго аракет кылабыз. Анткени анын ден соолукка тийгизген таасири өтө эле көп. Рактан коргойт. Алманын кабыгында антиоксиданттын чоң өлчөмү бар. Бул болсо С витамини менен биригип, организмге терс таасирин тийгизүүчү радикалдарга тоскоол болот. Ошондой эле жоон ичегидеги рак коркунучун пайда кылуучу зыяндуу заттарды организмден айдап чыгат.
***
Алма кандагы холестеринди азайтат. Изилдөөлөргө караганда, күнүнө эки алма жесең, холестериндин деңгээлин 16%га түшүрүүгө барабар.
***
Тамак сиңирүүнү жөнгө салат. Ал – ашказандын бузулушуна каршы эң жакшы каражат болуп эсептелинет. Мунун себеби, алманын курамында тамак сиңирүүнү жөнгө салуучу алма кычкылы бар.
***
Алманын уругунда йоддун көп өлчөмү бар. Күнүнө 5-6 даана урукту жесеңиз, организмдин суткасына йодго болгон талабы толук бойдон канааттандырылат.
***
Жаш балдардын тиштери жакшы өсүшү үчүн тиш доктурлар аларга алма берүүнү сунушташат. Ал тиштин эмалын тазалайт.
***
Алманын ширеси жүрөк кан тамыр системаларын бекемдейт, акыл-эсти талап кылган жумушта иштеген адамдарга пайдалуу. Семирүүдөн жапа чеккен адамдар үчүн мындай аралашма натыйжалуу: 100 мл алманын ширеси, 50 мл коондун ширеси, 5 мл помидордун ширеси, 25 мл лимондун ширеси.
***
Алманын кабыгынан заара кубалоочу каражат жасоого болот. Ал үчүн кабыкты кургатып, 1 кичине кашык майдаланган кургак кабыкты 1 стакан кайнак сууга демдөө керек. 5-10 мүнөт тыныккан соң кумшекер кошуп ичесиз.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн