Теке 03, 2025
Убакыт: 16:09
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

20-22-июль күндөрү Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” фестивалы өтөт

03.07.2025 09:13
29
20-22-июль күндөрү Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” фестивалы өтөт


20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, фестивалга дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү, таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат.


Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот.


Концертке ата мекендик эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан жана ERA жана башкалар катышат.


Ал эми фестивалдын ардактуу коноктору I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат.


Фестивалга билеттерди онлайн сатып алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн