Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

18 жаштагы бала чоң атасын өлтүрүп, камыштын арасына бекитип салган

18 жаштагы бала чоң атасын өлтүрүп, камыштын арасына бекитип салган

18 жаштагы бала киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга 6-мартта билдирүү түшкөн. Буга байланыштуу  Аламүдүн РИИБдин ыкчам чара көрүү кызматкерлери 70 жаштагы жаранды издей баштаган.

70 жаштагы жарандын үйүнө жакын жерде кафе болгон. Аны акыркы жолу ошол жерде спирттик ичимдик ичкенин көрүшкөн. Атайын кызматкерлер жакын жерден кандын тактарын байкаган.

Мындан улам 18 жаштагы неберси К.С кармалган. 

Маалым болгондой, 5-март күнү кечинде чоң ата менен небере ортосунда жаңжал чыгып, небереси чоң атасын урган. Ал эсинен танып жатып калганда башына бир нече жолу балка менен сабап салган. Натыйжада чоң атасы каза болгон.

Бала сөөктү унаага жүктөп айылдардын бирине алып барып, камыштын арасына бекитип салган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн