Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 07:15
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

10-декабрда Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекке келет

05.12.2022 18:08
457
10-декабрда Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекке келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМ башчысынын орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде билдирди.


Анын айтуусуна караганда, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

"Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуусу күтүлүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн