Баш оона 14, 2025
Убакыт: 13:05
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Өзгөндө соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалды

14.08.2025 11:23
13
Өзгөндө соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалды


Өзгөн районунда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 7-августта Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды.


Буга чейин УКМКга Ж.С.Ж. аттуу жаран Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К.га карата чара көрүү суранычы кайрылган. 


Арызда берилген маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаган.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн