Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өзбекстанда президенттик шайлоонун датасы жылдырылды

09.02.2021 16:11
609
Өзбекстанда президенттик шайлоонун датасы жылдырылды

8-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Каракалпакстандын президентин, Мыйзам чыгаруу палатасын жана Жогорку Кеңешин (парламент), ошондой эле облустардын, райондордун жана шаарлардын өкүлчүлүктүү органдарын шайлоо октябрдын үчүнчү декадасынын алгачкы жекшембисинде (24-октябрда) өтөт.

Буга чейин Өзбекстанда бул шайлоолор ыйгарым укуктары аяктаган жылы декабрдын үчүнчү декадасынын алгачкы жекшембисинде өтүп келген.

«Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун өлкө парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 25-январда, Сенат 5-февралда жактырган.

Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2016-жылы 4-декабрда өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн