Кулжа 14, 2025
Убакыт: 10:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Кыргызстан менен Кытай илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты

13.06.2025 16:42
29
Кыргызстан менен Кытай илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө КРнын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытайдын илим жана технологиялар министринин орун басары Чэн Цзячан менен жолугушту.


Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар илим, технология жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 


Чэн Цзячан ШКУнун жана илим-технология боюнча биргелешкен комиссиянын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта чөлкөмдүк өз ара аракеттенүү потенциалы чоң экенин белгиледи.


Өз кезегинде, А. Махметкулов Кытай менен илим, технология жаатындагы кызматташууну Кыргызстандын тышкы саясаты менен билим берүү саясатынын маанилүү багыттарынын бири катары баалай турганын билдирди.


“Биз Кытайдын илимий изилдөөлөр, технологиялык инновациялар жана санариптик трансформация жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалайбыз. Бул тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жемиштүү кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар деп ишенебиз”, – деди А. Махметкулов. 


Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү диалогдун жыйынтыктары жаңы келишимдерге, академиялык алмашууларга жана практикалык демилгелерге негиз болоруна ишеним артып, бул кызматташтык эки элдин ортосундагы достук мамилелерди, илим жана технология багытындагы өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн