Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

"Элит Хаус" компаниясы үлүш ээлерине акчасын кайтарып бербейби?

09.02.2021 13:19
621
"Элит Хаус" компаниясы үлүш ээлерине акчасын кайтарып бербейби?
"Элит Хаус" акчаны компаниянын мыйзамсыз объектилерине салган үлүш ээлерине кайтарылып берилеби же жокпу, комментарий берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Кабарлар.орг сайты жазды.

Маалым болгондой, редакция  Бишкек шаарындагы объектилерди мыйзамсыз курган деп шектелген Elite House компаниясы менен байланышкан. Бирок компания өкүлдөрү бул суроонун жообун билбей тургандыктарын билдиришип, кат жүзүндө сураныч берүүнү суранышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз курулган объектилердин бардыгы инженердик тармактардан ажыратылгандыгын, ошого байланыштуу курулуш иштери токтоп калгандыгын маалымдаган.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык Бишкек шаарында, мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү сот процесстери башталды.
 
 Үстүбүздөгү жылдын 25-январында , УКМК архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныктаган.
Кийин "Элит Хаус" курулуш компаниясы тийиштүү шаар куруу жана уруксат кагаздарысыз  курулуш жүргүзгөнү белгилүү болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн