Жан Воинов камактан чыгарылды.
Биринчи май райондук милициянын маалыматы боюнча, арыз ээси Ж.Т. Воиновго дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.
"Андан ары кармоо үчүн негиз жок болгондуктан Жан Воинов Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан бошотулду", — деп жазылат маалыматта.
Милиция окуянын жагдайын тактоону улантарын, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн