Баш оона 04, 2025
Убакыт: 17:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

04.08.2025 14:33
14
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде, инженердик-изилдөө стадиясында жана жерди которуу (трансформациялоо) учурунда археологиялык изилдөө процедурасын дебюрократизациялоо болуп саналат.


Алсак, мыйзам менен маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тарыхый-маданий мурастар объекттеринин табылышы мүмкүн болгон жогорку потенциалдуу аймактардын тизмесин бекитүү укугу берилди. Эгерде чегерилүүчү аймак ушул тизмеге киргизилсе, анда мындай аймакта археологиялык изилдөө жүргүзүү жана анын корутундусун алуу милдеттүү болуп саналат. Ал эми эгерде аймак тизмеге киргизилбесе, анда археологиялык изилдөө жүргүзүү жана тиешелүү корутунду алуу талап кылынбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн