Кулжа 18, 2025
Убакыт: 12:16
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Өлкөдө сутка ичинде 7 медиктен коронавирус аныкталып, 11 дарыгер айыкты

19.08.2020 11:27
999
Өлкөдө сутка ичинде 7 медиктен коронавирус аныкталып, 11 дарыгер айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 19-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Бишкек шаарында – 3

- Баткен облусунда – 3

- Ысык-Көл облусунда – 1


Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7  медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн