Кулжа 18, 2025
Убакыт: 11:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Өлкөдө акыркы суткада бир дагы медиктен COVID-19 чыккан жок

02.09.2020 11:30
1063
Өлкөдө акыркы суткада бир дагы медиктен COVID-19 чыккан жок


Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкер катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медик айыгып чыкты. 


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2496 медкызматкер айыгып чыкты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн