Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 14:07
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Зулушев: Курсан Асанов эч кандай буйрук жок эле ИИМге барып алган

09.02.2021 19:28
819
Зулушев: Курсан Асанов эч кандай буйрук жок эле ИИМге барып алган


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Курсан Асановдун камалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысынын эфиринде айткан.


"Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып, ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. А Курсан Асанов буйругу жок эле буйрук берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз",- деди Зулушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн