Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Зиядин Жамалдинов жеке маселеси менен кайрылган жарандар менен жолугушту

07.12.2021 17:58
677
Зиядин Жамалдинов жеке маселеси менен кайрылган жарандар менен жолугушту

7-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды.


Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун тургундары турак жай, ооруканадагы көйгөйлөр, айылдагы көйгөйлүү маселелер, материалдык жардам, электр энергия көйгөйлөрү, жер жана жер тилке маселелери менен кайрылышты. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.


Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн