Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жумуш ордунда дасторкон жайып отурган «Бишкекасфальттын» кызматкерлери ээлеген кызмат орундарынан бошотулду

20.11.2023 14:35
442
Жумуш ордунда дасторкон жайып отурган «Бишкекасфальттын» кызматкерлери ээлеген кызмат орундарынан бошотулду


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн ээлеген кызмат орундарынан бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ишкананын төмөнкү кызматтарда иштеген кызматкерлери иштен бошотулган:


- инженер-энергетик;

- пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы;

- башкы бухгалтер;

- диспетчер.


Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө кызматкерлердин биринин аялы жумушуна келип жаңжал салган делген видео тараган. Тасмада жумуш ордунда бир топ адамдар дасторкон жайып жатканын көрүүгө болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн