Баш оона 05, 2025
Убакыт: 13:02
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Россиядагы кыргызстандыктарга 10-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салуу эскертилди

05.08.2025 10:13
17
Россиядагы кыргызстандыктарга 10-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салуу эскертилди


Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү күчөтүлгөн режимде ишин улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Бул Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде  Кыргызстандын жарандарына укуктук статусун жөндөп алуу үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөттүн аяктап бара жаткандыгына байланыштуу.


Тактап айтканда, элчиликтин кызматкерлери күн сайын Кыргызстандын жарандары көбүрөөк жүргөн жерлерге барып, Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, андан тышкары, кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышта иш алып барышууда. Ошондой эле расмий интернет-ресурстар жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдарды жана видеороликтерди тынымсыз таркатып жатышат.


Бул ишти күчөтүү максатында КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы менен  Россияда жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун арттыруу жана жарандарга көмөктөшүүнү күчөтүү үчүн  борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер элчиликке жиберилди.


Белгиленгендей, күн сайын элчиликтин консулдук бөлүмүнө ар кандай маселелер боюнча 500дөн 700гө чейин Кыргызстандын жарандары келип, аларга ар кандай консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. Алсак, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле элчилик тарабынан жарандарга 89 464 консулдук кызмат жана иш-аракеттер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 6 249 Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында аткарылган.


Элчиликтин ишеним телефону аркылуу 19 655 жаранга укуктук консультация берилди, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кайрылган 8 151 мекендештердин кайрылууларына тиешелүү укуктук консультациялар берилди, ал эми  документтештирүү боюнча 39 612 жаран консультация алышты. Ошол эле учурда, жеке кабыл алуу аркылуу 5 500 жаранга консулдук-укуктук жардам берилди. Мындан тышкары, жарандардын жазуу жүзүндөгү 492 арызы каралып, алардын ичинен 409 кайрылуу оң жагына чечилген.


2025-жылдын жарым жылында консулдук кызматкерлер укук коргоо органдарына, ооруканаларга, моргдорго, аэропортторго 240тан ашык консулдук чыгуулар аткарылды. Россиянын аймагындагы түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 87 жаранына барып жолугушту.  Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 15 баланы мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлдү. 116 жаранды административдик жоопкерчиликтен, ал эми 10 мекендешти кылмыш жоопкерчилигинен бошотушту. Кыргызстанга оор турмуштук кырдаалга кабылган, анын ичинде зомбулуктун курмандыктары болгон 19 жаран өлкөгө кайтарылды.


Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы  Элчилиги Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин өзүнүн укуктук статусун алдын-ала жөнгө салуу зарылдыгына кайрадан бурат. Белгиленген талаптарды өз убагында аткаруу – мыйзам бузуу менен байланышкан мүмкүн болуучу терс кесепеттердин алдын алууга  мүмкүндүк берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн