Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жол эрежесин бузган чет элдик номурлуу унаалардын айдоочуларына чара көрүлөт

04.10.2022 16:32
504
Жол эрежесин бузган чет элдик номурлуу унаалардын айдоочуларына чара көрүлөт


Ички иштер министрлиги Кыргызстандан ажыратылбай жана каттоого алынбаган унааларды убактылуу каттоого алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.


Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын жарандары республикага армян, орус, абхаз мамлекеттик номурлары менен көп сандагы унааларды алып келишүүдө.


"Алардын жол эрежесин бузган фактыларын базада жок болгондуктан каттай албайбыз. Ошондуктан мамлекеттик чек арадан өткөндө 6 айга убактылуу каттоого турууга милдеттендиребиз. Мындай унааларды алып келген жарандар унааны каттатат жана ага айып пул келет. Бирок республиканын аймагында ал унаа сата албайт. Алты айдын ичинде ал транспортту республикадан алып чыгышы керек ", - деди Жол кайгуул кызматынын жетекчиси.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн