Теке 29, 2025
Убакыт: 06:31
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди

11.06.2025 11:18
166
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди


Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынан жаңы депутат Табылды Муратбеков ант берди.


Ал 30 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.


2016-2017-жылдары Кытайдын Шинжаң педагогикалык университетинде билим алган. 2014-жылы Work and Travel USA программасына катышып, АКШда иш тажрыйбасына ээ болгон. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болгон.


Эске сала кетсек, Табылды Муратбеков мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн