Теке 28, 2025
Убакыт: 04:10
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Жоголгондор бар. Кара-Кулжа районунда унаа дарыяга түшүп кетти

25.06.2021 10:45
3453
Жоголгондор бар. Кара-Кулжа районунда унаа дарыяга түшүп кетти


Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында унаа дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, айылдагы Асыран бий көпүрөсүнөн «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен.

"Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу), 2008-жылы туулган А.К.ны куткарып калышкан. Ал эми 1984-жылы туулган М.З., 2017-жылы туулган А.Ф., жана 1993-жылы туулган М.Э. дайынсыз болууда. Аларды табууга 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн