Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарына КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышуу үчүн келди

12.05.2022 21:48
474
Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарына КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышуу үчүн келди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын борбору Душанбе шаарына келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалууда.


Мындан тышкары, министр Ж.Кулубаевдин жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн