Карылык
Кытайлык акылман карыя кар баскан талаада баратып, бир кемпирдин ыйлап отурганын көрөт.
- Эмне ыйлайсың? - дейт.
- Өзүмдүн өткөн жашоомду, жаштыгымды, бир кезде күзгүдөн көрөр сулуулугумду, сүйгөн адамымды ойлоп отурам. Кудайдын ташбоордугун кара, эстеп калуу жөндөмүн берип, өмүрүмдүн жазын эстеп ыйлаарымды билген экен.
Акылман кар баскан талааны тиктеп турду да, жүзүндө бактылуу жылмаюу пайда болду. Кемпир ыйын токтотуп:
- Ал жерден эмнени көрдүң? – деп сурады.
- Роза талаасын, - деп жооп берди акылман. - Кудай мага эстеп калуу жөндөмүн бергенде берешендик кылып, кышында дайыма жазды эстеп, жылмаярымды билген экен, - дептир.
Үмүт
Төрт шам акырындан күйүп, акырын эрип баратты... Жымжырт болгондуктан алар жалын чачыратып сүйлөшкөнү угулуп турду:
Биринчиси:
- Мен Сабырмын. Тилекке каршы, эл мени кантип сакташты билбейт. Менимче, өчүүдөн башка кылар ишим калган жок! - деди да, шам өчтү.
Экинчиси:
– Мен Ыйманмын. Тилекке каршы, менин эч кимге керегим жок. Эл мен жөнүндө эч нерсе уккусу жок, ошондуктан мындан ары күйүүнүн зарылчылыгы жок, - деп, ал да өчүп тынды.
Үчүнчүсү капаланып:
– Мен Сүйүүмүн. Мындан ары күйүүгө күчүм жетпейт. Эл мени баалай албады. Сүйүүнү бергенди да, кабыл алганды да билишпейт, - деген бул шам да жалп өчтү.
Ошол маалда бөлмөгө тестиер бала кирди. Өчкөн үч шамды көрүп чочуду:
- Бу эмне кылганыңар?! Силер күйүп турушуңар керек! Мен караңгыдан корком! - деп ыйлап жиберди.
Толкунданган төртүнчү шам:
- Коркпо, ыйлаба! Мен күйүп турганда сен үч шамды кайра күйгүзүп аласың. Мен Үмүтмүн, - деди.
Жашоодо да ушундай...
- Ойлоп көрсөң... Биз дайыма урушабыз... Биз бирге жашай албайт окшойбуз, чынбы?
- А сен алчаны жакшы көрөсүңбү?
- Ооба.
- Аны жегенде данегин түкүрөсүңбү?
- Ооба, ооба.
- Жашоодо да ушундай... Данектерин түкүрүп, алчаны жакшы көргөндү үйрөн.
Чеберчилик
Париждин көчөсүндө бараткан сулуу белгилүү сүрөтчү Пикассо көчөдөгү кафелердин биринде үстөлдө эскиз тартып атканын көрөт. Ал Пикассого кайрылып:
- Мен үчүн бир сүрөт тартып берсеңиз, акчасын төлөйм, - деп суранат.
Пикассо макул болот. Сүрөт бир нече мүнөттө эле даяр болот.
- Мен сизге канча карызмын? - дейт аял.
- Беш миң франк, - дейт Пикассо.
- Бирок сиздин үч мүнөт гана убактыңыз кетти го, - деп сыпайылык менен сүрөтчүнүн эсине салды аял.
- Жок, - Пикассо кесе айтты, - буга менин бүт өмүрүм кеткен.
Тактоо
Парктагы отургучта бир кыз ыйлап атты. Ошол учурда аллеяда кичинекей бала үч дөңгөлөктүү велосипед тээп келаткан. Ал кызды аяп, сурады:
- Эже, эмне ыйлап атасыз?
- Ой, балакай, сен аны түшүнбөйсүң, - кыз колун шилтеди.
Кичинекей балага кыз ого бетер күчөнүп ыйлагандай көрүндү. Ал сунуш кылды:
- Бир жериңиз ооруп атабы? Сизге оюнчук берейинби? Менде көп…
Кыз ого бетер ыйлады:
- Эй бала, - деп жооп берди ал, -- менин эч кимге керегим жок, мени эч ким сүйбөйт...
Бала аны олуттуу карады:
- А сиз баарынан сурадыңызбы?
Которгон Абийрбек Абыкеев
“РухЭш”
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн