Кулжа 26, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Бишкектеги колледждердин биринде опузалап пара алуу фактысы аныкталды

26.06.2025 14:51
21
Бишкектеги колледждердин биринде опузалап пара алуу фактысы аныкталды


Бишкектеги колледждердин биринде опузалап пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Мектепке чейинки, жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча УКМК тарабынан ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын алкагында 24-июнда "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н.С. кармалды.


Мында тергөө тарабынан И.Н.С. накталай жана Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 миң сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын алгандыгы катталган.


Кармалган К.Д.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми И.Н.С.га карата эч жакка чыкпоо тил каты боюнча баш коргоо чарасы тандалып алынды.


УКМК билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча антикоррупциялык иш-чаралар уланып жатканын кабарлайт жана КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү максатында жарандарды коррупциялык фактылар боюнча маалымдоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн