Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу 2026-жылдын августунда аяктайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорт куруу долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан аныкталып, Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жасалган маанилүү кадам.
“Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жакында жаңы эл аралык Жалал-Абад аэропортунун курулушу башталды. Учурда жер иштери жасалып жатат. Долбоордун башкы подрядчысы мамлекеттик “Кыргызкурулушсервис” компаниясы.
Буга чейин аталган компания “Каракол” эл аралык аэропортун курган. Бул жаатта алардын жакшы тажрыйбасы бар. Эң жакшысы түшкөн киреше өзүбүздүн мамлекеттик компанияда калып жатканы”,-деди ал.
Самидинов белгилегендей, жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы 381 гектар аянтка курулат.
“Аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. 3 миң 800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки буруучу жолчо жана алты аба кемесин токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга шарт түзөт”,-деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн