Баш оона 14, 2025
Убакыт: 11:59
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Лейлек районунун алыскы айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

14.08.2025 09:10
15
Лейлек районунун алыскы айылында жаңы мектептин курулушу аяктады


Лейлек районунун алыскы Айкөл айылына курулган Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин курулушу аяктады. 


Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 225 орундуу типтүү мектепте окуу үчүн толук шарттар түзүлүүдө. 


Мектеп Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Курулушка жалпы 106 млн 252 миң сом каралган. 


Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. 


Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектептин окуучулары мындан 75 жыл мурда ашар жолу менен курулган мектепте билим алып келген. 

Мектепт ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылып, жаңы мектептин курулушу башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн