Баш оона 14, 2025
Убакыт: 12:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Кыргызстандын окумуштуулары Монголияга илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти

14.08.2025 09:42
12
Кыргызстандын окумуштуулары Монголияга илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти


Монголиянын Баян-Улгий жана Увс аймактарына кыргыздар боюнча изилдөө жүргүзүү үчүн окумуштуулар барышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 


Ага ылайык, илимий топ президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жөнүндө" жарлыгынын алкагында уюштурулган. 14-28-август аралыгында Монголияда кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастар изилденет. 


"Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулган экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт. Демилге Кыргызстандагы этнография, тарых, фольклористика, лингвистика жана тарыхый география тармактары үчүн жаңы булактарды ачууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.


Изилдөөнүн жыйынтыгы менен илимий басылма чыгарылып, даректүү фильм тартылары кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн